Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КАЛМАК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 1097

24-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Б.Б.Городина атындагы Калмак мамлекеттик университетинин ректору Бадму Салаев жетектеген делегация менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасы, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик университеттер, өзгөчө макамдагы ЖОЖдорго берилген артыкчылыктар жана “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы тууралуу айтып берди.

Ал эми ректор Бадму Салаев өзү жетектеген окуу жайдын ишмердүүлүгү, кыргызстандык университеттер менен болгон кызматташтыгы жөнүндө маалымат берди.

Тараптар Калмак мамлекеттик университетинин өкүлчүлүгүн өнөктөш жогорку окуу жайдын базасында ачуу, абитуриенттерди кабыл алуу боюнча даярдоо жана мектеп мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Расул Абазбек уулу  ректор Бадму Салаевге Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелери менен билим берүү жана илим жаатында кызматташтыкты жана колдоону бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.

Белгилей кетсек, Калмак мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен кызматташып келет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар