Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КОЛЛЕДЖДЕР КЕСИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ ТАСТЫКТООГО ДАЯРДАНУУДА

Көрүлдү: 276

21-майда Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде “шыбакчы” кесиби боюнча көндүмдөрдү тастыктоого (валидациялоо) даярдык өткөрүлдү.

post.title

Көндүмдөрүн тастыктоого ниеттенген 6 талапкердин ишин Балыкчы, Кара-Балта, Токмок жана Нарын колледждеринен Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз карандысыз сертификация жана валидация борборунун методологиясы жана формуляры боюнча комиссия мүчөлөрү баалашты. Комиссиянын мүчөлөрү валидациядан кийин жол-жоболорду жана документтерди тариздөөнү талкуулашты.

Жакынкы убакта “автослесарь”, “мейманкана кызматчысы”, “жыгач устачылык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери”, “темир уста-сантехник”, “ветеринардык фельдшер”, “тигүүчү”, “шыбакчы” жана “электромонтер” кесиптери боюнча биринчи валидация өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар