Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
№20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНДА STEAM БОРБОРДУН АЧЫЛЫШЫ

Көрүлдү: 336

Пресс-анонс

post.title

2024-жылдын 24-майында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандиловдун катышуусунда Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп-гимназиясында заманбап жабдуулар менен жабдылган STEAM борбордун ачылышы болот.

Мектеп-гимназияда учурда 63 класста 2244 окуучу билим алат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин катышуусунда аталган мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган.

Убактысы: 2024-жылдын 24-майы, саат 14:00

Жери: Бишкек шаары, 7-кичи району, 5а.

Аккредитация жана байланыш үчүн: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева, +996 554 445 566

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар