Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 40

22-майда Лондондогу XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуунун алкагында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Келечек үчүн көндүмдөр” темасындагы тегерек столго катышты.

post.title

Ошондой эле тегерек столдун ишине Улуу Британиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышты.

Тегерек столдун катышуучулары Азербайжандагы, Казакстандагы жана Түркмөнстандагы соода боюнча премьер-министрдин өкүлү баронесса Эмма Николсон Винтерборндун төрагалыгы алдында технологиялык, экологиялык жана экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен келечек үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды, билим берүүдөгү артыкчылыктарды, кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Жалпы талкуудан кийин Догдуркүл  Кендирбаева менен Эмма Николсон мектептеги билим берүүнүн заманбап тенденциялары жөнүндө пикир алмашышты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Хилола Умарова менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Белгилей кетсек, XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумунун жүрүшүндө Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын билим берүү министри Джиллиан Киган менен болгон жолугушууда англис тилин үйрөтүү маселесин талкуулады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар