Көрүлдү: 1938
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылындагы “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияcынын (ЖМА) жыйынтыгы менен орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктагандыгын маалымдайт.
Шаар, облустар боюнча:
Тастыктагандардын тизмеси – файл (pdf)
Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер “Алтын тамга” ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышты: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .
Белгилей кетсек, “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.