Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНКАБ ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: БИЗ БАЛДАРДЫН КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЙСЫ ЖЕРИНДЕ ЖАШАГАНЫНА КАРАБАСТАН, АЛАРДЫН САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУСУНА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ

Көрүлдү: 839

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы Эшимбек Капалов атындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.

post.title

Акылбек Жапаров өз сөзүндө айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, билим берүү мамлекеттик саясаттын негизги приоритеттеринин бири экенин белгиледи.

“Биз Кыргызстандагы ар бир баласы кайсы жерде жашабасын, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна аракет кылабыз. Ынтымак айылында жаңы мектептин ачылышы бул багыттагы дагы бир кадам, анткени мектеп – бул таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери”, - деди МинКаб Төрагасы.

Ал ошондой эле мектепке Талас облусунун билим берүү тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Эшимбек Капаловдун ысымы ыйгарылганын кошумчалап, мектептин курулушу 2015-жылы эле башталганын, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келгенин белгиледи.

“Окуганга ыңгайлуу шарттары бар бул заманбап мектеп бүткүл райондун жашоочулары үчүн маанилүү билим жана маданият борбору болуп калат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, көп жылдан бери курулушу жүрүп жаткан мектептердин 80%га жакыны бүткөрүлдү. Бул мектеп аймактагы эң чоң мектептердин бири болот”, - деп белгиледи ал. 

Андан кийин Акылбек Жапаров республиканын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, билим берүү, транспорт, энергетика тармактарын өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

Салтанаттын соңунда Акылбек Жапаров мектептин имаратын көрүп чыгып, мектеп окуучулары жана мугалимдери менен баарлашты.

https://www.gov.kg/ky/post/s/24228-minkab-toragasy-akylbek-zaparov-biz-baldardyn-kyrgyzstandyn-kaisy-zerinde-zasaganyna-karabastan-alardyn-sapattuu-bilim-aluusuna-araket-kylabyz

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар