Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНКАБ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 836

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Билим берүү жана илим министрлигинде 18 жогорку окуу жайдын (ЖОЖ) ректорлору менен жыйын өткөрдү.

post.title

Жолугушууда борбор калаадагы чет элдик студенттер жашаган жатаканада болгон окуя жана окуу процессин калыбына келтирүү, ошондой эле республиканын билим берүү жайларынын чет элдик студенттер үчүн жагымдуулугун сактоо боюнча маселелер талкууланды.

“Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети учурда жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөөрү кошумча жарыяланат”, — деди Эдил Байсалов.

Жыйындын катышуучулары студенттердин коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, алардын жергиликтүү коомчулуктун жашоосуна интеграциясын күчөтүү жана өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасынын орун басары Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны жаштар менен зарыл болгон тарбиялык-педагогикалык иштерди уюштуруу, ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз эмгек мигранттарынын массалык түрдө келиши жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери караларын билдирди.

https://www.gov.kg/ky/post/s/24226-minkab-toragasynyn-orun-basary-edil-baisalov-zozdordun-rektorloru-menen-zyiyn-otkordu

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар