Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАРА-СУУ РАЙОНУНДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ 12 БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 630

Бакчанын расмий ачылуу аземи 17-майда болуп өттү.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча түзүлдү.

Бакчалар райондун Жоош, Савай, Ала-Тоо, Манас, Ынтымак, Датка айыл аймактарында жайгашып, жалпы 42 тайпа ачылды. Мында эми 3-5 жаштагы 1600гө жакын бала билим ала алат.

«Келечек үчүн билим берүү» долбоору бакчаларга бардык шартты түзүп берди:

  • тайпаларды толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрдү;
  • айнек, эшиктери алмаштырды;
  • балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарттарды түздү;
  • килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдарды берди;
  • балдар аянтчасын орнотту.

Долбоордун алкагында Кара-Суу району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 37 бала бакча түзүлөт. 30-майда дагы 11 бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Алар учурда ийгиликтүү иштеп келет. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар