Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙДЫН ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КАРАЛДЫ

Көрүлдү: 232

18-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Лю Гочжун жана Кытай Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институтуна барышты.

post.title

"Кытай тилин үйрөнүү жана студенттердин тажрыйба алмашуусу мамлекеттер аралык эки элди жакындаштырат. Кыргыз-кытай кызматташтыгы тил үйрөнүү жана маданият таануу аркылуу өркүндөп жатканына кубанычтабыз”, - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Лю Гочжун кыргыз студенттеринин кытай тилин үйрөнүүсүн жогору баалап, бул багыттагы иштери үчүн Конфуций институтуна ыраазычылык билдирди. Кыргыз жаштары арасында кытай тилине, маданиятына, тарыхына, илимине жана жаңы технологияларына кызыгуу жыл сайын өсүүдө.

Конфуций институту

Билим берүү тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөө максатында 2007-жылы Бишкектеги Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитинде мамлекет башчылары макулдашылган чечимге ылайык жана Синьцзян университетинин (Кытай) менен Бишкек мамлекеттик университетинин биргелешкен аракетинин натыйжасында (Кыргызстан) 2008-жылдан бери Конфуций институту БМУнун алдында ийгиликтүү иштеп келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар