Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АЛТЫН ТҮЙҮН” АКАДЕМИЯСЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЯПОНИЯГА БАРАТ

Көрүлдү: 565

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Япониянын илим жана технология агенттиги тарабынан уюштурулган “Сакура 2024” программасы боюнча Токио шаарына бара турган окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Муратбек Касымалиев билим алуунун, чет тилдерин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сапардан жаңы билим, идея, шыктануулар менен келишиңерди каалайм деди.

18-майда Токио шаарына кете турган 5 окуучу “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын аймактардагы филиалдарынын окуучулары:

  • Алишер Бейшеналиев –  Нарын облусундагы филиалы,
  • Асема Аширбекова – Ош облусундагы филиалы,
  • Гүлнур Мамасыдыкова – Баткен облусундагы филиалы,
  • Санжар Акжолов – Талас облусундагы филиалы,
  • Бектур Жумагулов – Чүй облусундагы филиалы.

Токиого балдарды коштоп министрликтин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омурканова барат. Министрдин орун басары чет жерде балдардын коопсуздугуна көңүл бурууну тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар