Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИЛЛИОНДОГОН ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДА КООПСУЗДУК БОЮНЧА МАШЫГУУ

Көрүлдү: 849

17-майда Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар учурунда мектептердин коопсуздугун жогорулатууга багытталган төрт жылдык “Коопсуз мектеп” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты.

post.title

Ошондой эле иш-чарага КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева долбоордун алкагында облус жана шаарларда миллион окуучу өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздукту үйрөнүп, экологиялык маданият, жоопкерчиликти калыптандырып, аларда туруктуу көндүмдөр жаралганын айтты.

“Президентибиздин саясатында мектеп коопсуздугу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Быйылкы жылы эле 140 жаңы мектеп салынды. Бирок биз мектепти куруудан тышкары өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү керек”, - деди ал. Буга кошумча министр долбоорго катышып жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, долбоордун мындан ары уланарына ишеним артарын билдирди.

“Долбоор өз убагында жана натыйжалуу ишке ашты. Себеби климаттын жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү”, - деди элчи Года Хидеки.

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа Кыргызстан боюнча 600 мектеп сиреналар, авариялык чыгуу үчүн атайын эшиктер жана ар кандай шаймандар менен жабдылды. Бул жабдуулар мектептердин коопсуздук чараларын жакшыртууга жардам берерин айтты.

Белгилей кетсек, долбоор Жапон өкмөтү тарабынан каржыланып, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте ишке ашырылды.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар