Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН МЕНТОРЛОР ДАЯРДАЛУУДА

Көрүлдү: 507

16-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Бишкекте менторлорду даярдоо боюнча тренигдин ачылышына катышты.

post.title

Тренингде менторлор окуучуларга санариптик көндүмдөрдү натыйжалуу окутуу үчүн информатика мугалимдерин колдоого үйрөнүшөт.

Муратбек Касымалиев тренингдин катышуучуларына санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүүсүндө информатика мугалимдеринин милдеттерин, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү, окуу китептерин даярдоодогу талаптар жөнүндө айтты.

Тренинг Дүйнөлүк банктын “Информатика мугалимдерине насаатчылык жана квалификация жогорулатуу программасы” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар