Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ МЕНЕН АЛМАТЫ КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 279

15-майда Алматыда “Тажрыйба трансляциясы: инновациялык педагогикалык технологиялар” II эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы темир жолчулар №97 кесиптик лицейи менен Алматы транспорт жана коммуникация колледжинин ортосунда кызматташуу жана тармактык өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

post.title

Меморандум тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду өткөрүүгө багытталган.

Ошондой эле конференцияда директор Альберт Колопов №97 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады.

Конференциядагы докладдары үчүн биринчи даражадагы дипломду атайын дисциплиналар секциясынан окутуучу Салтанат Калекеева, жалпы билим берүү дисциплиналары секциясынан математика мугалими И.Кулапова, өндүрүштүк окутуунун устаты Аида Бокоева, окутуучу Н.Смаилова жалпы билим берүү дисциплиналары секциясынан үчүнчү даражадагы диплом алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар