Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: "ТУРМУШТУК ПРАКТИКАГА ТАЯНГАН КИТЕПТИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛУШУ АБДАН КУБАНДЫРАТ"

Көрүлдү: 827

16-майда, Бишкекте финляндиялык жазуучу жана билим берүү тармагындагы алдынкы эксперт Ари Покканын “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китебинин кыргыз тилиндеги бет ачары болду.

post.title

Китептин ачылышына Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, китепти билим берүү тармагында иштеген адистерге сунуштай тургандыгын билдирди.

“Турмуштук практикага таянган, дүйнөлүк билим берүү системасындагы китептин кыргыз тилинде жеткиликтүү болушу абдан кубандырат. Китепте мектеп директорунун жоопкерчилиги жана милдети бардык жерде бирдей экендиги, ошондой эле мыкты ийгиликтердин жаратуучусу жетекчи экендиги белгиленген”, - деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева бизге бир баланын жетишкендиги эмес, жалпы балдардын, мектептин ийгилиги өтө баалуу деп кошумчалады.

Эксперт Ари Покка китебинде мектепте жаңы жетекчи болом дегендерге практикада колдонулган идеялар, сунуштар жазылганын айтып, мектеп директору мугалимдерге мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүү менен талапты баарына бирдей кое билүүсү маанилүү деди.

Ари Покканын “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китеби Bugupress басма үйү тарабынан кыргыз тилине которулуп, басылып чыкты.

Белгилей кетсек, 14-майда министр Догдуркүл Кендирбаева эксперт Ари Покка менен жолугушуп, Кыргызстан менен Финляндиянын билим берүү системасындагы тажрыйбаларды талкуулаган.

Ари Покка - финляндиялык жазуучу жана билим берүү тармагындагы эксперт. Ал бир нече өлкөлөрдүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө жооптуу адис жана Эл аралык мектеп мүдүрлөрүн ассоциациясынын жетекчиси.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар