Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АНГЛИС ТИЛИНДЕ ЫРДАГАН ОКУУЧУЛАРДЫН СЫНАГЫНЫН ЖАРЫМ ФИНАЛЫ

Көрүлдү: 325

Пресс-анонс

post.title

15-майда “American Song Contest 2024” иш-чарасынын жарым финалында Бишкек шаарынын жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын 9-10-11-класстарынын 25 окуучусу англис тилинде ырларды аткарышат.

Иш-чара жаштардын англис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, таланттуу мектеп окуучуларын колдоого багытталган. Быйыл сынак Кыргызстанда он төртүнчү жолу өтүп жатат.

American Song Contest 2024” сынагы Билим берүү жана илим министрлигинин жана АКШнын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Лингва” инновациялык билим берүү коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.

Убактысы: 2024-жылдын 15-майы, 11:00-14:00.

Жери: Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү,51, И.Арабаев атындагы КМУ.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы 0554 445 566 / 0312 62 35 91.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар