Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 1028

13-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыкты алдыга жылдыруу максатында Кыргызстандын окуу жайларына академиялык китептерди акысыз берүү жана керектүү окуу материалдардын тизмесин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Ошондой эле Британия менен англис тилин окутуу жаатында тажрыйба алмашуу жолдору талкууланды.

Элчи Николас Боулер билим берүү жаатындагы трансформациялык кадамдарды колдоого даяр экендигин билдирди. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар