Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
"АКЫЛМАН" ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ 6-КЛАССТАРДЫ ТЕСТИРЛӨӨ ГРАФИГИ

Көрүлдү: 1115

2024-2025-окуу жылына карата “Акылман” Президенттик лицейине 6-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн конкурстук тандоо үч турдан турат.

post.title

1-тур: 11-13-май – онлайн тестирлөө,

2-тур: 20-24-май – онлайн тестирлөө.

3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин – ар бир облуста оффлайн тестирлөө өткөрүлөт.

Онлайн тестирлөөнүн I турунун графиги:

11-май - Нарын облусу – 10:00-12:00, Ош облусу жана Ош шаары 15:00-17:00;
12-май - Ысык-Көл жана Талас облусу – 10:00-12:00, Жалал-Абад облусу – 15:00-17:00;
13-май - Баткенс облусу – 10:00-12:00, Чүй облусу жана Бишкек шаары- 15:00-17:00. 

Биринчи турдагы тестирлөө 85 суроону камтыйт:

математика – 25 суроо,

логика – 15,

кыргыз тили – 15,

орус тили – 15,

тарых – 15.

Тестке 120 мүнөт (2 саат) берилет. Жыйынтыгы тестирлөө бүткөндөн кийин дароо көрсөтүлөт. I турдун жыйынтыгы 17-май күнү саат 17:00дө Telegram каналында жарыяланат. 

Толук маалымат @akylman.presidential_school  Instagram баракчасына жайгаштырылган жана Telegram каналдагы “Акылман” Кабыл алуу - 2024”  группасына кошулуу керек. Толук маалыматтарды ар бир облустун жана шаарлардын кошумча телеграм каналынан ала аласыздар:

Каналдардын аталышы: 

“Кабыл алуу - 2024, Ысык-Көл”

“Кабыл алуу - 2024, Ош”

“Кабыл алуу - 2024, Талас”

“Кабыл алуу - 2024, Чүй”

“Кабыл алуу - 2024, Баткен”

“Кабыл алуу - 2024, Нарын”

“Кабыл алуу - 2024, Жалал-Абад”

“Кабыл алуу - 2024, Ош шаары”

“Кабыл алуу - 2024, Бишкек шаары”

Тестирлөөгө чейин тест тапшыра турчу гаджетти кубаттап коюу жана интернеттин жетиштүүлүгүн, ылдамдыгын текшерүү зарыл.

Уруксат берилет:

  • Тестирлөөнү уюлдук телефон, ноутбук же компьютер аркылуу тапшырууга (бирок бир учурда бирөөсү менен гана).

  • Тест учуру убакытка карап, айрым суроолор үчүн артка кайтууга (мисалы: оорчулук жараткан суроолорду аягына калтырыш үчүн);

  • Тест учуру таза барак менен калем колдонууга (мисалы: математикалык тапшырмаларды чыгаруу үчүн).

Тыюу салынат:

  1. Тестирлөөнү скриншот кылып тартып алуу;

  2. Тестирлөөнү запись экрана кылып тартып алуу;

  3. Тестирлөө учуру камераны өчүрүп коюу;

  4. Башка облустардын тестирлөөсүнө катышуу;

  5. Өз адресинен (аккаунт) башка 2 же андан көп адрес ачып, 2 же андан көп жолу тест тапшыруу;

  6. Тест учуру шпаргалка, китеп сыяктуу каражаттарды же кошумча гаджеттерди колдонуу;

  7. Тест учуру бирөөдөн жардам суроо же камера көрбөгөн жерге басып кетүү;

  8. Тест учуру exam.edu.kg сайтын жаап, ошол эле учурда башка вкладка (баракча, окно) ачуу;

  9. Тестирлөөгө бир эле учурда 2 же андан көп адрестен кирүү.

Эрежелерди бузган катышуучулар автоматтык түрдө конкурстук тандоодон четтетилет. Эреже бузуулар сайттын администрациясы тарабынан аныкталат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар