Көрүлдү: 1059
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.
Эл аралык стипендияны алуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин онлайн форматта кабыл алынат.
“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты –Кыргыз Республикасынын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.
Катталуу үчүн шилтеме – https://umut.edu.gov.kg/