Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЛМАЗ ИБРАЕВ КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИНЧИ ПРОРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 0

30-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Алмаз Ибраевди Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору катары окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.

post.title

 Алмаз Ибраев – саясий илимдеринин кандидаты, ЖАКнын доценти, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коррупцияга каршы иштиктүү кеңештин мүчөсү. Буга чейин Алмаз Ибраев КР Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысы болуп иштеген. Ошондой эле 2022-жылы КР Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болгон. Ал кыргыз, орус, англис, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар