Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУНУ ЖАКШЫРТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 793

30-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда жогорку окуу жайлардын ректорлору, декандары үчүн “Англис тилин окутуудагы заманбап чакырыктар: мыкты тажрыйбалар, көйгөйлөр жана перспективалар” темасында кеңейтилген кеңешме өттү.

post.title

Кеңешмеде жогорку окуу жайларда англис тилин окутуунун, адистиктерди даярдоонун сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер, өнүгүү пландар талкууланды.

Минкаб Төрагасынын орун басары азыр англис тилин билгендердин заманы экенин айтып,  жогорку окуу жайларында англис тилинде сапаттуу билим берүүгө басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Министр Догдуркүл Кендирбаева университет жетекчилерине жогорку окуу жайларындагы Кембридж баалоо системасын кабыл алуу жана ошол программаны киргизүү боюнча талкууларды жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле министр ЖОЖдордо англис тилин окутуу боюнча ыктыярчылар тобун түзүү керектигин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар