Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАЗАКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР 24-МАЙГА ЧЕЙИН КАБЫЛ АЛЫНАТ

Көрүлдү: 1908

Казакстан Республикасы 2024-2025-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандарына Казакстандын жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алууга 25 орун, магистратура боюнча – 20 орун , үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча – 5 орун бөлдү.

post.title
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасынан каттоодон өтүп, талап кылынган документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле  204-жылдын 23-майы саат 23:59га чейин арызды жана каттоо формасын толугу менен толтуруу зарыл. 

Толук маалымат -  https://edu.gov.kg/announcements/387/

Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилет. Ошондой эле суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар