Көрүлдү: 1793
Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугунун ордуна тестирлөөдө 8 талапкер (6 — кесиптик лицейлердин директорлугу кызматына, 2 — колледж) босого упайды топтогондугун маалымдайт.
23-апрелде өткөн тестирлөөгө жалпы 35 адам, анын ичинен 30 – кесиптик лицейлердин директорлугуна талапкер, 5 – колледждин директорлугу кызматына катышты.
Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, колледжде жана 15 кесиптик лицейде жетекчилердин бош орундары бар.