Көрүлдү: 2651
Билим берүү жана илим министрлиги 13-апрелде республика боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун компьютердик тестирлөөсүнөн 147 талапкер ийгиликтүү өткөндүгүн маалымдайт.
Таагырагы, катышуучулардын 52%ы белгиленген 60% босого упайды топтоду:
Сынакка катышуу үчүн өлкө боюнча жалпы 490 талапкерден документ келип түшкөн. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 58% талапкерге тестирлөөгө катышууга уруксат берилсе, ал эми 42% талапкердин документтери белгиленген талаптарга ылайык келбегендиктен четтетилген.
Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.
Республика боюнча ваканттык орундардын саны – 407.