Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ӨЛКӨ БОЮНЧА ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ ТАЗАЛЫК КАМПАНИЯСЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 1503

Бүгүн, 6-апрелде шаарлардагы жана райондордогу бардык билим берүү мекемелери (бала бакча, мектеп, кесиптик лицей, колледж, жогорку окуу жайлар жана административдик мекемелер) республикалык деңгээлдеги тазалык кампаниясына катышты.

post.title

Тазалык кампаниясынын алкагында билим берүү мекемелеринин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүлдү.

Тазалык кампаниясынын максаты – мектеп окуучуларын жана студенттерди жашоодогу баалуулуктардын бири катары эмгекке жана анын натыйжаларына жакшы мамиле кылууга тарбиялоо, өлкөнүн аймактарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндүрүүнү уюштуруу.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т “Бир окуучу-бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы №335/1 “Табиятты сактайлы” иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.

 #жашылилимбилим

#ЖашылМурас

 #жашылбилимберүү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар