Көрүлдү: 1636
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери 62 түп ( 20 алма, 20 шабдаалы, 10 алмурут, 7 кара өрүк жана 5 абрикос) көчөттөрүн Токмок шаарындагы Жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган Чүй мектеп-интернатына отургузушту.
Белгилей кетсек, аталган башкармалык көчөт отургузуу иш-чарасын республикалык деңгээлде билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо боюнча тазалык кампаниясынын алкагында отургузду.
***