Көрүлдү: 1321
2024-жылдын 6-апрелинде республикалык деңгээлде билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо боюнча тазалык кампаниясы өтөт.
Тазалык кампаниясынын максаты – мектеп окуучуларын жана студенттерди жашоодогу баалуулуктардын бири катары эмгекке жана анын натыйжаларына жакшы мамиле кылууга тарбиялоо, өлкөнүн аймактарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндүрүүнү уюштуруу.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т “Бир окуучу-бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы №335/1 “Табиятты сактайлы” иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.