Көрүлдү: 1688
27-мартта Нарын шаарында “Окуу керемет” долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери” аталышында тегерек стол өттү.
Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова, Облусттук методикалык борбордун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин өкүлдөрү, балдар адабият китептеринин авторлору, Нарын облусундагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү долбоордун натыйжалары менен таанышып, башталгыч билим берүү системасында долбоордун натыйжаларын туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Долбоордун Нарын облусундагы жыйынтыктары:
Тегерек стол Нарын мамлекеттик университетинин 5 райондук билим берүү бөлүмү менен "Окуу керемет!" долбоорунун методологиясы менен мугалимдерди даярдоодо жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча макулдашууга кол коюу менен аяктады. Бул башталгыч билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.