Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БУУнун ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 958

14-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева баштаган БУУнун өнүктүрүү программасынын делегациясы менен жолугушту.

post.title

Министр БУУнун өнүктүрүү программасына билим берүү тармагын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын багыттары, тактап айтканда, адамдык өнүгүү, “жашыл” экономика, климаттын өзгөрүшү, инновациялык педагогикалык технологиялар борборлорун түзүү идеясы жөнүндө айтып берди.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева Билим берүү жана илим министрлигинин демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар