PISAга ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН 66 МЕКТЕПТЕ ПИЛОТТУК ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ
Көрүлдү: 924
13-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” маалымат агенттигинде PISA эл аралык изилдөөсүнө карата даярдыктар жөнүндө пресс-конференция өткөрөт.
15-апрелден 24-майга чейин республиканын 66 мектебинде PISAга даярдануу үчүн төмөнкү багыттар боюнча пилоттук изилдөө өткөрүлөт:
- - математикалык
- - окуу жана түшүнүү
- - табигый-илимий багыт.
Пресс-конференциянын катышуучулары:
- Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев,
- Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова,
- PISA – 2025 боюнча улуттук долбоордун менеджери Онолкан Уманкулова,
- Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева,
- Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун, PISA -2025 Улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова,
- Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов.
Убактысы: 2024-жылдын 13-марты, саат 9:30.
Жери: “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.
Кошумча маалымат алуу үчүн: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүльмира Уметалиева, 0554 445 566 / 0312 62 35 91
Бөлүшүңүз