Көрүлдү: 443
Биринчи улуттук онлайн-сабакка Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жабдылган мектептердин окуучулары катышты.
ЮНИСЕФ жалпы наркы 58 млн сомдон ашуун (650 миң АКШ доллары) саналган 100 компьютердик классты жабдыган.
Жабдуулар сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана COVID-19 билим берүү системасына тийгизген таасирин азайтуу долбоорунун алкагында Япония өкмөтү тарабынан каржыланган. Долбоор Бишкек, Ош шаарларынын жаңы конуштарындагы жана өлкө аймактарындагы мектептерди камтыган.