Көрүлдү: 331
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Евгения Лопаткинанын жетекчилиги астында салттуу ушу боюнча кыз-келиндер курама командасы «Москванын ушу боюнча жылдыздары - 2024» IX эл аралык турниринде 9 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышты.
Москвадагы турнирге 12 өлкөдөн келген 1000ден ашуун спортчу катышты.
Белгилей кетсек, курама командага «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун тарбиялануучулары кирген.