Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИКТИН БОРБОРДУК АППАРАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

Көрүлдү: 1109

27-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине КР Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун “Окуу борбору” мекемесинин башкы адистери Элмира Оморова менен Бактыгүл Сарымсакова “Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы” тууралуу лекция окушту.

post.title

Кызматкерлер пенсиянын топтомо бөлүгү жана аны эрте алуу, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн фонддор боюнча бөлүнүшү, пенсияларды төлөө жана каржылоо, пенсия дайындоого керектелүүчү документтер боюнча маалымат алышты.   

Окутуунун максаты – пенсиялык камсыздандыруу маселелерин жарандардын арасында кеңири жайылтуу, маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар