Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛУСТУК БАСКЫЧЫ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 161

Оштогу облустук Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын мектеп-лицейинин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын III (облустук) баскычы өтүүдө.

post.title

Облус боюнча буга чейинки II (райондук) баскычта алдыга чыккан жалпы 294 окуучу катышып, алар төмөнкү багыттар боюнча ат салышууда:
    • Кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
    • Кыргыз тили жана адабияты (окутуу орус/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
    • Орус тили жана адабияты (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
    • Орус тили жана адабияты (окутуу кыргыз/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
    • Англис тили (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
    • Англис тили (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
    • Тарых;
    • География;
    • Математика (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
    • Математика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
    • Физика (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
    • Физика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
    • Биология (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
    • Биология (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
    • Химия (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
    • Химия (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
    • Информатика.

Ал эми 17 багыт боюнча жалпы 34 окуучу олимпиаданын IV (республикалык) баскычына катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар