Көрүлдү: 415
Билим берүү жана илим министрлиги Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын окуучусу менен болгон кайгылуу окуяга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү 2024-жылдын 20-февралында Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берген. Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен чыр-чатак болгон эмес. Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган.