Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АПТА ИЧИНДЕГИ ЖОЖ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Көрүлдү: 808

ДАЙДЖЕСТ

post.title

1.     Студенттер жана кесипкөйлөр арасындагы Хакатон мелдешинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун “Маалыматтык коопсуздук” программасынын 3-курсунун студенттеринен түзүлгөн “Silk Road” командасы 1-орунду ээлеп, 50 миң сом акчалай сыйлык жана I даражадагы диплом менен сыйланышты. 

2.     Студенттер жана кесипкөйлөр арасындагы Хакатон мелдешинде И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин автоматикалык башкаруу кафедрасынын 2-курсунун студенттеринен куралган “TechDragons” командасы 2-орунду жеңип, 30 миң сом акчалай сыйлык жана II даражадагы диплом алышты. 

3.     Студенттер жана кесипкөйлөр арасындагы Хакатон мелдешинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин “DreamOn” командасы “Google Chrome браузерине кыргыз тилиндеги тексттерди окутуу мүмкүнчүлүгү (plugin extension)” колдонмосун презентациялап, 3-орунга татыктуу болушту жана 15 миң сом акчалай сыйлык III даражадагы диплом менен сыйланышты.

4.     Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары Өзбекстанда өткөн “Билим берүүнү кайра түзүү: илимди өнүктүрүүдө аялдардын ролу” аталышында IV эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, баяндама жасашты.

5.     И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Казакстандын Назарбаев университетинин өкүлдөрү келип, эки университеттин кызматташтыгынын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

6.     И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Машина куруу”, “Материал таануу” жана “Колдонмо механика” багыттары боюнча 20 студенти Германиянын (Саксония) алдыңкы өнөр жай ишканаларында 5-6 ай квалификацияга чейинки практикадан өтүшөт.

7.     Өзбекстан улуттук университетинин делегациясы колдонмо геодезия багытында өздөрүнүн билимдери, тажрыйбалары менен алмашуу үчүн Ош мамлекеттик университетине келишти.

8.     И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Нагаока университетинин өкүлдөрү менен эки университеттин ортосунда IT багытында кызматташуу боюнча келишимге кол коюуну макулдашты.

9.     М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин студенттерине Түркия Республикасынын JW Marriott Hotel Ankara жана Calista Luxury Resort мейманканаларынын башкы менеджерлери лекция окушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар