Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН ОРТОСУНДА КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 864

22-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Меморандум жол жана транспорт тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоого жана кадрдык тартыштыкты жоюуга, артыкчылыктуу инновациялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын практикалык колдонууга багытталган.

Министр Догдуркүл Кендирбаева дуалдык окутуу формасы студенттерге окууну практикалык иштер менен айкалыштырууга мүмкүндүк берерин айтты.

Догдуркүл Кендирбаева И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адистерин кайра даярдоо заманбап стандарттарга ылайык, эл аралык деңгээлдеги компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар