Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
WORLDSKILLS KYRGYZSTAN ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 725

“Учурда бүткүл дүйнөдө жаңы билимдер, жаңы көндүмдөр жаралып жаткан мезгил. Азыр түбөлүк окуу принциби кирди. Биз бүгүн жаңы кесиптерди, жаңы көндүмдөрдү кабыл албасак, эртең кеч болуп калат”, - деди WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.

post.title

Бүгүн, 20-февралда кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи болуп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, ЖК депутаттары, министрликтердин, Соода-өнөр жай палатасынын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптик лицейлерди жана колледждерди реформалап, кыска убакыт аралыгында заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн адистерди таптап чыгарууга басым жасоо керектигин айтты.

“Дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору. Акыркы учурларда өлкөбүздө жеңил өнөр жайы, курулуш, тейлөө, кызмат көрсөтүү өңдүү тармактарда жумушчуларга муктаждык чоң”, – деди төрага.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International уюмуна 86-өлкө болуп киргенин белгилеп, бул жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты.

Ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасындагы сынак эки күнгө созулат. Сынакта мыктылардын мыктысы тандалып, Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдеште Кыргызстандын желегин желбиретип келе тургандарына ишенем”, - деп билдирди министр Кендирбаева.

Белгилей кетсек, сынакка WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын аймактык турунда жеңишке жеткен окуучулар катышууда. Сынактын жеңүүчүлөрү 22-февралда аныкталып, аларга  баалуу сыйлыктар тапшырылат жана 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышууга жолдомо берилет.

WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.

Кыргыз Республикасындагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду, өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: "Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар