Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ “КООПСУЗ ӨЛКӨ – ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕК” ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 806

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев 16-февралда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форумуна катышты.

post.title

Форумдун негизги максаты – Чүй облусунун аймагында укук бузууларды алдын алуу жана жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо.

Форум КР Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын  алдын  алуу чөйрөсүндөгү  мамлекеттик саясаттын  концепциясын ишке  ашыруу  боюнча” 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын ишке ашыруу боюнча Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, ушундай эле иш-чара 9-февралда Нарын шаарында өтүп, ага министрдин орун басары Муратбек Касымалиев катышып келген.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар