Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
3 ЖЫЛ ИЧИНДЕ: БАЛА БАКЧАДАН УНИВЕРСИТЕТКЕ ЧЕЙИН САНАРИПТИК КАБЫЛ АЛУУ

Көрүлдү: 844

2021-жылы Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы https://open.edu.gov.kg/index.php https://emis.edu.gov.kg/ иштей баштаган. Система билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы, кызматкерлери, окуучулары жөнүндө маалыматтар базасын камтыйт. Ошол эле жылы бардык деңгээлдеги жана менчиктин бардык түрүндөгү билим берүү уюмдарынын 1 миллион 400 миңден ашуун окуучусунун жана 180 миң кызматкеринин маалыматтары киргизилген.

post.title

2021-жылдан баштап жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди каттоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/ системасы аркылуу жүргүзүлөт. Система абитуриенттерге кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Абитуриент үйүнөн окуу жайы жайгашкан жерге чыкпай туруп, документтерин онлайн-режимде тапшыра алат.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу сынактарды уюштуруу үчүн чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшырууга “Студенттер чет өлкөдө” https://student.edu.gov.kg/ маалыматтык системасы иштей баштаган. 

2022-жылы “Абитуриент онлайн” маалымат системасына кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу үчүн модуль киргизилип, кесиптик лицейлерге биринчи жолу кабыл алуу кампаниясы онлайн форматта уюштурулду.

2022-2023-окуу жылынан тарта чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына “Санарип контрактер” https://edugate.edu.gov.kg/ системасы аркылуу окууга тапшырууга мүмкүнчүлүк алышты.

2022-жылы балдарды мектепке жана бала бакчаларга кабыл алуу боюнча маалымат системасы https://mektep.edu.gov.kg/ башка мамлекеттик органдардын базалары менен интеграцияланган. Натыйжада, система өзү адамды аныктап, мамлекеттик же муниципалдык мектепке, бала бакчага электрондук кезекке катталууга мүмкүндүк берет. Электрондук кезек ар бир баланын билим алууга бирдей укуктарын камсыз кылат.

2023-жылы арыздарды берүүнү автоматташтыруу үчүн “Билим берүү уюмдарын электрондук лицензиялоо жана аккредитациялоо” https://asula.edu.gov.kg/home маалымат системасы иштелип чыгып, ишке киргизилген. 2023-жылы АСУЛА - электрондук лицензиялоо платформасы аркылуу 1870 уюм аккредитациядан өттү. 

Учурда республика боюнча 1877 мектеп интернетке туташтырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №448 токтомуна ылайык, билим берүү системасынын санариптик инфраструктурасын андан ары өркүндөтүү үчүн “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар