Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КЫЗМАТТАШУУ

Көрүлдү: 506

Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Мурат Касымалиев жана Лира Самыкбаева “Билим экспорт” кытай тилин окутуу борборунун негиздөөчүсү Абдурахман Матраимов менен жолугушуп, анда “Билим кербени” акциясын уюштурууну талкуулашты.

post.title

Акциянын алкагында кытай тилине кызыккан жана социалдык жактан аярлуу Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган 9-11-класстын окуучулары арасында тандоо жасалып, аларга 6 ай бекер кытай тили үйрөтүлөт.

Ушундай эле жолугушууну министрдин орун басары Расул Абазбек уулу  “Кыргыз лифт ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрайымы, “SKY Industrial Group” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева менен “Билим экспорт”  кытай тилин окутуу  борборунун негиздөөчүсү Абдурахман Матраимов менен өткөрдү. 

Жолугушууда башталгыч кесиптик билим берүү жаатында кызматташуу, тагыраагы  лифттерди тейлөө, чыгаруу жана колдонуу багытындагы адисттерди даярдоо сүйлөшүлөр орун алды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар