Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ ПИЛОТТУК МЕКТЕПТЕРДИН ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫН ДАЯРДОО БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 558

13-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров мектептерди өнүктүрүү пландарын даярдоо боюнча тренингдин ачылышына катышты.

post.title

Тренинг Сузак районундагы пилоттук мектептердин жетекчилери, социалдык педагогдор, STEM предметтери мугалимдери, окуучулардын ата-энелери жана мектеп парламентинин өкүлдөрү үчүн А.Юнусов атындагы № 65 орто мектепте өткөрүлдү. Тренингдин катышуучулары гендердик сезимтал педагогиканы жана STEM предметтерин өнүктүрүүнү эске алуу менен план даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.

Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан Балдарды коргоо борбору, БААУнун Инновациялык колледжи жана Enaсtus Кыргызстан менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар