Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА EWMI ФИЛИАЛЫНЫН ДИРЕКТОРУ ФРЕД ХЬЮСТОН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 579

14-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасындагы East-West Management Institute филиалынын директору жана USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон баштаган “Укук булагы” долбоорунун кызматкерлери менен жолугушту.

post.title

Тараптар юрист студенттер үчүн “Укук булагы” долбоорунун алкагында иштелип чыккан курсту ЖОЖдорго киргизүү, социалдык педагогдорду, “Адам жана коом” предмети боюнча мугалимдерди окутуу, мектеп окуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, укуктук темалар боюнча биргелешкен иш-чаралар маселелерин талкуулашты. 

Маалымат үчүн:

“Укук булагы” долбоору адамдарга багытталган сот адилеттигине болгон мамилени колдонуу менен мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана коррупцияга менен күрөшүүгө багытталган. “Укук булагы” долбоору East-West Management Institute коммерциялык эмес уюму тарабынан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар