Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛҮ СТИВ КИНГ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 2107

2024-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин башчысы Стив Кинг менен жолугушту.

post.title

Жолугушууга министрдин орун басарлары Муратбек Касымалиев менен Лира Самыкбаева дагы катышып, анда Кыргыз Республикасынын билим берүү стандартына ылайык, ошондой эле мамлекеттик баалуулуктарды эске алуу менен Кембридж басылмасынын окуу китептерин кыргыз тилине которуу жана колдонуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Буга кошумча STEM жана балдарды өнүктүрүү багытында англис тилиндеги окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдерди окутуу маселелерин талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы №48 токтому менен Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Окуу китеби” басма үйүн түзүлгөндүгүн маалымдады. Басма үйү улуттук окуу китептеринин сапатын жана мазмунун жакшыртуу, билим берүү уюмдарында окуу китептери менен камсыз болушун жогорулатуу максатында түзүлдү.

Стив Кинг Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаменти буга чейин дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен китеп басып чыгаруу жаатында ийгиликтүү кызматташканын, анын ичинде коңшу Өзбекстан, Казакстан бар экенин айтып, департамент Кыргызстан менен дагы кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар