Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 1112

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 7-февралында “Адистиктердин тизмесин бекитүү жөнүндө” № 191/1 буйругу чыккан.

post.title

Буйрукка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына (менчигинин түрүнө же ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан) тапшырган абитуриенттер үчүн ЖРТнын кайсы тилде тапшырылгандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу милдеттендирилет. 

Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт.

Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар