Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АПТА ИЧИНДЕГИ ЖОЖ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Көрүлдү: 2002

1.Заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу кардиохирургия боюнча 60 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө операциясы жасалды.

post.title

2. ОшМУнун жана Ош шаарындагы ЖОЖдордон 400гө жакын окутуучусу заманбап технологиялар, билим берүүнү башкаруу, сынчыл ой жүгүртүү, педагогика жана психология багытындагы окутуудан өтүштү. ОшМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда 2019-2024-жылдары өлкө боюнча 1154 мугалим билимин жогорулаткан.

3. Ош технологиялык университетинин 10 студенти GKS (Global Korea Scholarship) программасы боюнча Корея Республикасынын университеттеринде гранттык негизинде окууга мүмкүнчүлүк алышты.

4. Ош технологиялык университети менен Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин ортосунда “Жашыл имарат” биргелешкен лабораторияcын түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

5. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери маалыматтык сабаттуулук, илим изилдөөдө жана окутууда электрондук ресурстарды эффективдүү колдонуу боюнча  семинардан өтүштү.

6. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университети Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейинде “Экономикалык, математикалык класс” ачты. Ал мектеп окуучуларына экономиканын негиздерин окутуу, каржы сабаттуулугун арттыруу, экономикалык жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу жана кесипке багыттоо максатында ачылды.

7. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер кафедрасы Каракол шаарынын жана Ысык-Көл облусунун мектептеринин 40тан ашуун англис тили мугалимдери үчүн мастер-класстарды уюштурду.  Мастер-класстар убагында ChatGPT, JeopardyLabs, Quizlet, NYT Daily Games, BreakingNewsEnglish ж.б. көптөгөн ресурстарды сабакта колдонуу көрсөтүлдү.

8. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 27 окутуучусу Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясында Python тилинде программалоо маселелери жана аларды чечүү жолдору квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү.

9. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Казакстан Республикасынын Кызылордо университетинен ортосундагы Меморандумга ылайык Казакстандын аталган окуу жайынан академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча 9 студент, 2 жетекчи келди. Алар 2 жума окуу процесси менен таанышып, билим алып, тажрыйба топтошот.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар