Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДИРЕКТОРЛОР КОНКУРСУ: ЭКИ БАСКЫЧТАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨН ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИ

Көрүлдү: 3568

2024-жылдын 7-февралында Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына талапкерлерди тестирлөөгө жалпысынан 101 адам катышты.

post.title

Тагыраагы, тестирлөөдө кесиптик лицейлердин директорлугуна талапкер катары 88 адам катышып, анын 13ү экинчи этапка өтсө, колледждердин жетекчилигине талапкерлигин койгон 13 адамдын үчөө аңгемелешүү этабына өткөн.

Аңгемелешүү этабында 1 адам өз ыктыяры менен катышуудан баш тартып, калган 15 талапкердин 11и конкурстук комиссиянын чечими менен аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өттү. Алар:

  1. Чалова Эльмира Алтынбековна Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжине;
  2. Абдрахманов Эрнист Абдугаметович К.И.Скрябин атындагы Токмок агро-өнөр жай колледжине;
  3. Орунтаев Таалайбек Дүйшенбекович Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейине;
  4. Бараканова Салтанат Нурудиновна Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы №47 кесиптик лицейине;
  5. Бекказиева Кайыркүл Аманкуловна Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы №81 кесиптик лицейине;
  6. Эркинбек уулу Нурсултан - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы №41 кесиптик лицейине.
  7. Усенканова Айжан Казыбековна - Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейине;
  8. Ботобеков Талантбек Курманбекович - Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылындагы №46 кесиптик лицейине;
  9. Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы № 89 кесиптик лицейине;
  10. Абдылдаева Гүлмайрам Арзикуловна - Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейине;
  11. Сарыбашова Гильбархан Ташмаматовна - Ош облусунун Араван районуна караштуу Кызыр-Абад айылындагы №112 кесиптик лицейине.

Белгилей кетсек, буга чейин башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына өткөн конкурстарга салыштырмалуу катышуучулардын активдүүлүгү жогорулап, тиешелүү босого упай топтогондордун саны өстү. Ошондой эле талапкерлер тарабынан конкурстун ачык-айкын, обьективдүү өтүп жаткандыгы белгиленди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар