Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫН I ТУРУНА 42 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУ КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 859

Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын онлайн режиминдеги I этабына 42 миң 997 окуучу катышты.

post.title

Биология боюнча олимпиаданын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча 7 миң 633 катышуучудан 3 миң 583 адам, 

информатика боюнча 4 миң 351 катышуучудан 331 адам,

математика боюнча 12 миң 972 катышуучудан – 6 миң 458 адам,

физика боюнча 10 миң 818 катышуучудан – 5 миң 250 адам,

химия боюнча 7 миң 223 катышуудан –  4 миң 31 адам экинчи этапка өттү.

Белгилей кетсек, олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке боюнча онлайн режиминде өтөт:

  • информатика боюнча – 2024-жылдын 10-11-февралында саат 10:00-13:00го чейин;
  • физика боюнча – 2024-жылдын 17-февралында саат 14:00-17:00го чейин, 18-февралда саат 10:00-13:00го чейин;
  • биология боюнча – 2024-жылдын 17-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 18-февралда саат 14:00-17:00го чейин;
  • математика боюнча – 2024-жылдын 24-февралында саат 16:00-18:00го чейин, 25-февралда саат 11:00-13:00го чейин;
  • химия боюнча – 2024-жылдын 24-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 25-февралда саат 14:00-17:00го чейин.

Улуттук олимпиада эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар