Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЙРЫМ СОЦИАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРДЕ ТАМАКТАНУУ ЧЕНЕМДЕРИН ЖОГОРУЛАТУУ ЖӨНҮНДӨ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУНА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 2087

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринин тамактануу ченемдерин этап-этабы менен жогорулатуу үчүн 2024-жылдын 30-январында “Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” №37 Токтомго кол койду.

post.title

Токтомго ылайык 1-4-класстын окуучуларынын, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы жаратылыш-климаттык шарттары оор калктуу конуштарда жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын тамактануусу күнүнө бир окуучуга 14 сом эсебинде жүргүзүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусу тиешелүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен, жаңы ченем боюнча - бир окуучуга күнүнө 14 сомдон кем эмес ишке ашырылат.

Токтомдо ошондой эле Өкмөттүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 токтомунун тиркемесинин айрым пункттарын жаңыдан баяндалышы каралган.

Белгилей кетсек, Токтом 2024-жылдын 2-февралында “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланган.

Таблица

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар