Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АПТА ИЧИНДЕГИ ЖОЖ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Көрүлдү: 720

✔️Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев 29-январда К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине расмий сапар менен барып, окуу жайга компьютердик жабдыктарды тапшырды. Ошондой эле Төрага Жогорку Кеңештин фондунан мыкты 15 студентке 20 миң сомдон стипендия берилерин жана 2 профессор-окутуучунун эки окуу куралы басмадан чыгарыла турганын билдирди.

post.title

✔️Кытай Эл Республикасынын Түндүк-Батыш университети менен Кыргыз Республикасынын Ош мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

✔️ Кыргыз улуттук агрардык университети тарабынан профилдик мектептер үчүн окуучуларды жалпы республикалык тестке жана олимпиадаларга кошумча даярдоо боюнча онлайн сабактар башталды. Бул мектептер ЖОЖдордун мектептерге насаатчылыгы боюнча министрлик тарабынан бекитилип берилген. 

✔️ И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистиги боюнча 13 студенти Японияда бир жыл окуп, ал жактагы ресторандарда такшалмадан (стажировка) өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

✔️Кыргыз экономикалык университетинин 4 студенти Франциядагы Мишлен жылдыздуу ресторанында такшалмадан өтүп, тажрыйба топтошот. 

✔️ Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары STEM долбоору аркылуу англис тилин үйрөнүп башташты.  Бул Билим берүү жана илим министрлиги менен АКШ элчилигинин колдоосу аркылуу “Лингва” инновациялык билим берүү фонду тарабынан ишке ашырылууда жана жылдын аягына чейин уланат.

✔️ Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары үчүн квалификация жана кесиптик компетенцияны жогорулатуу курсу башталды.  Ошондой эле ОшТУнун студенттер үйү толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 

✔️ Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мугалимдердин жана студенттердин окуудан сырткары маданий эс алуусун камсыздоо максатында атайын эс алуу борбору ачылды. 

✔️ “Манас” университети QS Stars University Ratings рейтингине расмий табыштама жөнөтүү менен интернационалдаштыруу жолунда дагы бир биринчиликке жетишти.

✔️Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Корея Республикасынын Чонбук улуттук университетинен ортосунда кызматташтык боюнча келишимге кол койду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар