Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО ТАПКАН СТУДЕНТТИК СТАРТАПТАР

Көрүлдү: 1162

2022-жылы Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлордун ишине старт берген. Жаштар арасындагы ишкерликти колдоого багытталган бизнес-инкубаторлор бир убакта 30 жогорку окуу жайда ачылган.

post.title

Жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү, КР жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды ишке киргизүүнү жана андан ары жылдырууну камсыз кылуу максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №128 “Жогорку окуу жайларында “Студенттик стартап” токтому менен пилоттук программасы кабыл алынган.

2023-жылы “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш 8 стартап долбоорго каржылык колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алды. Мамлекеттик каржылоо алуу үчүн “Студенттик стартап” сынагына жалпысынан студенттерден 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер үч баскычтуу тандоодон өтүп, жыйынтыгында 8 стартап-долбоор жеңүүчү аталды.

Студенттердин стартап-долбоорлорун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган. Анын 3 млн 160 миң 744 сому өздөштүрүлүп, жеңүүчү аталган 8 стартап-долбоорго же башкача айтканда 7 университет, 1 колледждин студенттеринин стартап-долбоорлоруна бөлүнүп берилди.

Жеңүүчү болуп табылган стартап-долбоорлор – маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, ресурс үнөмдөөчү энергия, креативдүү индустрия тармактары боюнча.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар